www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эсеп палатасы “Чыгышэлектр” ишканасы массалык-маданий жана демөөрчүлүк иштер үчүн жумшалган акчаны электр энергиясынын өздүк баасына кошуп эсептеп салганын аныктады. Өз кезегинде “Чыгышэлектр” ишканасы болсо чыгашанын баары “Энергохолдинг” АКнын жыйынында каралып, тарифтерди аныктоочу мамлекеттик агенттиктин макулдашуусу аркылуу ишке ашаарын билдирди.

Демек “Энергохолдинг” АКнын жы­йынында каралса, бул жерде Айбек Калиевдин кулагы чыгып турганын байкоо кыйын эмес. Деги эле Калиев Энергетика тармагын такыр талкалап бүтмөй болду. Жакынкы эле ТЭЦтеги авариянын кесепети 386 миллион доллардын майнапсыз колдонулганы коррупциядан кабар берди.

Эл болсо Кыргызстан мурдагыдай сырттан электр энергиясын импорттоп келбестен, тескерисинче экспорттоп жатканына карабай, светке 2 сом 16 тыйындан төлөп жатышканына нааразы.

Булак: "Фабула" 

Последние новости