www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кылмышка шектелип кармалган “Манас эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун Бишкек филиалынын директору Мирлан Бегалиев үй камагына чыгарылды. Тергөөдө башкаларга да көрсөтмө бергени аны СИЗОдо эмес, үйүндө жылуу-жумшак жатышына шарт түздү.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы ушул жылдын 30-сентябрында Мирлан Бегалиевди кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген болчу. Ал аталган мамлекеттик ишканадан 5 миллиондон ашуун долларды кымырып алган деген кылмышта катыштыгы бар деп айыпталып жаткан.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын маалыматына караганда, тергөө учурунда ал күнөөсүн толук мойнуна алып, тергөө менен кызматташууга макул болгон жана ал бул кылмыштын уюштуруучулары, башка катышуучулары тууралуу өтө баалуу көрсөтмөлөрдү берген. Ошондуктан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы сотто Мирлан Бегалиевдин баш коргоо чарасын үй камагына чыгарууну сунуш кылып, аны сот канааттандырган. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости