www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир нече адамды алдап, акчаларын алып, кайтарбай жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 17-октябрында Чаткал районунун 1953-ж.т. Б.О. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган.

Ал өз арызында Ала-Бука районунун 1984-жылы туулган тургуну М.Ү. 2019-жылдын июнь айында карызга акча сурап алып кетип ушул күнгө чейин кайтарып бербей жүргөндүгүн билдирген.

Арыздануучунун билдирүүсүндө М.Ү. күрөөгө “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасын таштап, 100 000 (жүз миң) сом алып, 10 күндүн ичинде 106 000 (бир жүз алты миң) сом бермек болуп, ошол боюнча изин жашырган.

Ал эми 2018-жылдын декабрь айында Чаткал районунун 1948-жылы туулган тургуну Ш.Т. Ала-Бука районунун тургуну 1984-ж.т. М.Ү. ишенимине кирип, “Хундай Портер” үлгүсүндөгү автоунаа алып келип беремин деп, 284000 (эки жүз сексен төрт миң) сом акчасын алып кетип, ушул күнгө чейин алдап качып жүргөндүгүн айтып арызданган.

Дагы бир А.А. аттуу жаран милицияга арызданып, 2019-жылдын 29-мартында Жалал-Абад шаарынын “Келечек” унаа базарында М.Ү. аттуу жаран “Мерседес-Бенц-Гигант” автоунаасын 370 000 (үч жүз жетимиш миң) сомго баалашып, 30000 (отуз миң) сом акчасын берип, калган 340000 (үч жүз кырк миң) сомду ушул күнгө чейин ар кандай шылтоолорду айтып, алдап бербей качып жүргөндүгүн билдирген.

Жогорудагы кылмыш иштерин бетин ачуу максатында тергөө бөлүмү тарабынан атайын тапшырмалар берилип, Жалал-Абад ОИИБнин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан шектүү Ала-Бука районунун 1984-жылы туулган тургуну Мамбеткулов Үсөн Насирдинович экендиги такталып жана анын жүргөн жери аныкталып, тергөө бөлүмүнө камсыздалды.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Бул жарандан жабыр тарткандар болсо Жалал-Абад ОИИБнин нөөмөт бөлүмүнө (03722-7-05-30) же 0553 33 33 04 номерине байланышса болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости