www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президентинин Чолпон-Ата шаарындагы №2 Резиденциясы жарандардын акча төлөп көңүл ачып, эс алуусуна эшигин ачты. Мындай маалыматты атайын жарнамалап телеканалдар аркылуу жайылтып, келип эс алгыла деген чакырык жасалды.
Анда: "Көл жээгинде жайгашкан санаторийде мыкты эс алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Ыңгайлуу номердик база, сапаттуу даарылануу, көлдүн керемет атмосферасы сиздерди күтөт.
Дареги: Ыссык-Көл облусу, Чолпон-Ата шаары, Советская көч. 62а, Байланыш номерлери: 0559999222, 0775999222", - деп айтылат.
Ошондо баасы суткасына эң арзаны 3 миң сомдон башталат экен. Кызыгы, бийликтин фейк-троллдору маалымат чыгаары менен, президенттин резиденциясында жөнөкөй жарандар эс алат деген мындай мүмкүнчүлүк эзели болгон эмес, "оо-уу, эмне деген керемет, президент элге шарт түзүп, керек болсо резиденциясын бошотуп берип жатат" деген оодаларды арнап, дүйнөлүк ачылыш катары аябай дүңүлдөтүп жатышат.
Айрымдар, бул жагдайды казынада акча жок, энергетикалык кризис каптап, инфляция өсүп, кымбатчылыктан улам экономика очорулуп сазга батып, бийлик каражат таппай карайлап, каражат чыкчу бар болгон баардык жерден мүмкүн болушунча акча булагын караштырып жатат дешүүдө.
Болбосо, өздөрү какшап айтып келе жаткандай, буга чейин 30 жылдан бери президенттин резиденциясын карапайым калк эс алсын деп мейманкана, пансионат катары берген деңгээлге эч бир бийлик түшкөн эмес.
Булак:NazarNews.kg