www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында бир нече жаранды алдап, көбөйтүп берем деп акчасын алып жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу шаардын Ленин райондук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 27-сентябрында райондук милицияга жаран кайрылып, «Э» аттуу аял ай сайын 100 миң сомдон пайда алып келүү убадасы менен анын 650 миң сомун алып, бирок убадасын аткарбай качып кеткенин айткан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө алдамчылыкка шектүү табылып, ал азыркы учурда ушундай эле кылмышка шектелип, камакта жатканы аныкталган. Райондук сот аны тергөө абагына киргизген. Кийин кармалган жарандын дагы башка ушул сыяктуу кылмышка тиешеси бар экени белгилүү болгон.

Последние новости