www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Темир Сариевдин бүгүнкү курултайына “үчилтик” деп аталган Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибеков катышты.
Курултайга конок катары чакыртылган эки үлкөн Темир Сариевдин президенттик ат чабыштагы сапарына ийгилик каалады. Ахматбек Келдибеков өз сөзүндө: “Сариевди такшалган мамлекеттик ишмер”, - деген пикирин айтты.
Канткен күндө да Ахматбек мырзанын, атаандашына азаматтык кылып ак жол каалаганы ар кимдин колунан келе бербейт.
Бүгүн, Темир Сариевдин Курултайына конок катары катышып келген Ахматбек Келдибеков:
-Ар бир адамдын ички дүйнөсү кеңири болуш керек. Айрымдар “үчилтик” ажырашып кетип, эми ар тарапка секирип жатат деп ойлонушу мүмкүн. Кечээкибиз менен эртеңкибиз тутумдаш экенин түшүнбөй же түшүнгүбүз келбей кичинекей сөздү аңдый бербей, жакшылыкка карай бет алсак. Ар бир эле атаандашты душман катары санай бериштин кажети жок. Баса белгилеп айткым келет, “эртең президент болом” деп ураан чакыруу бирибизге эмес баарыбызга эрте. Анткени эртеңки күндү, Кудайдан башка эч ким билбейт, - деген пикирин билдирди.
Айрым ММКлар “ат тезегин кургатпай”, “үчилтиктин” экөө Сариевди кошуп, Адахан Мадумаровду оюндан чыгарды”, дегени менен Ахматбек Келдибеков, жергиликтүү ММКларга “үчилтик” ажыраша электигин айтып келет.
Эске сала кетсек, президенттик салышка Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков, Назарбек Нышанов жана Өмүрбек Текебаевдин аты ачык жарыя болду. Эми калганын көрө жатарбыз, бийлик буларга “тап” берсе, кандай “туруштук” бере алат же “арстан жүрөктөн”, “суу жүрөккө” айланган Мелис Мырзакматовго окшоп качып кетип калабы аны убакыт көрсөтөт.
Булак: NazarNews.kg