www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ахматбек Келдибекович, сизге төмөндөгү суроону бергибиз келип турат. Аргумент.кг аттуу сайт сизге таандык Нур телеканалы Атамбаевке иштеп баштады деп кыйытыптыр. Андан сырткары, каналдын кеңсеси Ош шаарында жайгашып, ал имарат Азамат Арапбаевке таандык, демек анын да бул нерселерге тийешеси бар болсо керек деп божомол пикирди чагылдырыптыр. Ушулардын баары канчалык деңгээлде негиздүү? Деги эле Атамбаев менен кандай мамиледесиз? Көз карашыңыз кандай?
Саламатчылык. Атына заты жарашпаган бул сайт мунун баарын сөөмөйдөн соруп чыгарган окшойт.
Биринчиден, НурТВ каналы эки айлык жайкы эргүүгө кеткенинен кабарым бар. Ошол сайт өзү тымызын Атамбаевке жана анын бузуку адамдарына иштеп жаткан экен деп билебиз. Себеби, Фаридке окшогон чагымчылдар гана ушундай интрига жаратып, саясатчылардын ортосуна от жагууга адистешкен. Андай эл бузарлардын заманы өттү.
Экинчиден, Азамат Арапбаевдин телеканалган, анын редакциялык саясатына жана имаратына таптакыр тийешеси жок жана болгон эмес.
А эң негизгиси, Нур телеканалы президент Сооронбай Жээнбековдун азыркы саясатын толук колдоп, Президент мырзанын ишмердүүлүгүн калың калкыбызга бурмалабай, объективдүү чагылдырат деп ишенимдүү айтам. Ал эми ушакчы сайттын жоопкерчилигин аныктоону юристтерге тапшырдым. Ошолор териштирсин. Күтө туралы.
Ал эми акыркы сурооңузга жооп катары мынтип айтмакмын. Атамбаев менен эч кандай мамилем жок жана болушу да мүмкүн эмес. Саясий аброю плинтустан ылдый түшкөн Атамбаев ыплас адамдардан турган командасы менен кошо аман эле болсун.
Булак: NazarNews.kg