www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Ахматбек мырза, Сиздин башыңызга кыйын кез келгенде бир командада жүргөн адамдар таштап басып кетпей, тирөөч болуп туруп берди. Атамбаевдин башына кыйын кез түшүп жатканда, командасындагы адамдар аны жалгыз таштап, башка жээкке өтө качышты. Мурунку президенттин негизги катачылыктарынын бири команда түзгөндө принцип эмне экенин билбегендерди жанына жыйнап алгандыгы болдубу?
— Бизди камаганда бир гана фракциябыздын депутаттары эмес, жетимишке жакын депутаттар колдоп турганы, парламент иликтөө жүргүзгөн депутаттык комиссия түзүлсүн деген чечим кабыл алып бергени, бешинчи чакырылыштын президентке айтчу сөзү, өз көз карашы бар болгонун көрсөткөн. Азыр Атамбаевдин парламентте болгону эки гана депутаты калды деп айтылып жатат. Бул Атамбаевдин саясатчыларды өзүнө керек учурда колдонуп, кийин кереги жок колдонулган буюмдай ыргытып койгонунун жыйынтыгы деп билем. Өзүм колдогом деген, СДПК партиясынан талапкер катары чыгып, президент болуп шайланып келген Сооронбай Шариповичке жасаган мамилесин да көрдүк. Ага карата айтылбай турган сөздөрдү айтканы себеп болууда. Атамбаевдин тегерегинде жүргөн саясатчы, депутаттар аны таштап кеткени да ушундан улам. Революцияда бирге жүргөн саясатчылар Р.Отунбаева, А.Бекназаров, И.Исаков жана башкаларды бул адам деле таштап кете бербедиби. Партиялаш болуп чогуу келаткан Иса Өмүркуловду Бишкек шаарынын мэри болуп турганда кылмыш иш козготуп, камап жибергенге чейин барбады беле. Азыркы мэрдин кандай былыктары чыгып жатат? Бул дагы саясий куугунтукпу? Өзүмө “Эмне үчүн ушундай кадамга барып бизди камады?” деген суроо берип, жообун таппай келгем. Бул суроонун жообун да жакында таптым. Бизди камагандан кийин жоопкерчиликтин жоктугу, каржылык мыйзам бузуулар, чыры көп насыя алуулар, кадрдык башаламандыктар башталыптыр. Биз парламентте олтурганыбызда мындай көрүнүштөргө жол бербейт болчубуз. Өзүбүздүн сөзүбүздү, оюбузду айтмакпыз. Атамбаев элге коррупция менен күрөшүп жатам деп өзүнө жакпаган саясатчыларга ойдон чыгарылган иштерди токуп, маалыматка Фаридди олтургузуп коюп, анысы элге жаман көрсөтүү идеологиясын жүргүзүп келсе, эми өздөрүнүн артынан миллиарддаган сом, жүз миллиондогон долларлар чыгып жатат. Биз ага бул иштерди жасоого тоскоол болгонбуз. Кийин Текебаев тоскоолдук кыла баштады эле, аны да түрмөгө олтургузуп койду.
— “Марал” радиосунан “Атамбаев мени элдешүүгө чакырганга духу жетпейт!” деп айттыңыз эле. Бирок, “Кечээ эле кордук көрсөткөн Атамбаевдин алдына Келдибеков барыптыр” деген сөздөрдү таратышты. Бул сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?
— Мен Атамбаевди жакын аралыктан акыркы жолу камалардын алдында парламентте жаңы өкмөт ант бергенде көргөм. Ал киши менен төрагалыктан кетип жатканда иш бөлмөсүндө сүйлөшкөндөн бери кол берип учураша элекмин. Атамбаевдин мага “Кел, сүйлөшүп олтуралы” деп айтканга адамдык абийири жол бербейт, духу да жетпейт. Ал сөздү макул болуп жолуга турган адамга айтса болот. Менден кандай жооп болорун жакшы билет.
— Атамбаевдин сиз тууралуу “бей-бечаралардын, жетим-жесирлердин, майыптардын акчасын уурдап байыган” деп айтканы өз жообун алат экен да?
— Ал майыптардын, бей-бечаралардын акчасы деп айтпадыбы. Бей-бечара, майыптардын акчасы пособие менен Социалдык өнүктүрүү министрлигинен кетет. Ал киши президент болуп туруп маселенин маңызын билбесе да, эптеп мени жамандаш керек болгон. Соцфонддон пенсия гана берилет. Ар бир пенсионер канча пенсия чегерилгенин президенттен жакшы билет. Атамбаев эмне үчүн Келдибековду камагандыгынын маңызын түшүнгөн эмес. Эл алдына чыкканда жалганды кошуп, апыртып айта берген да искусство болсо керек. Ошол жагынан таланты күч адам экен да.
— Ыйык Орозо айында Атамбаев “Ахматбек иним, экөөбүз сүйлөшчү сөз бар. Бетме-бет олтуруп алып сүйлөшөлү” деп чакырса барасызбы?
— Мен ал кишинин көзүн тике карап, бетме-бет кезигип, “Эмне себептен?” деген суроомо жооп алганга дайым даярмын. Жолугушуу ачык түрдө, элдин көзүнчө болсо барам. Анын кабинетине эч качан бөжөңдөп чуркап барбайм. Эртели-кеч баары бир жолугабыз.
(уландысы бар)
Булак: Жаңы ОРДО