www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы: «Атамбаев мени кучактап алып “Ахматбек, мен ушул жакшылыгыңды өмүрүмдө эч качан унутпайм. Кудай алдында айтып жатам” деп айткан»
- Ахматбек Келдибекович, мурунку президент А. Атамбаевдин тушунда өзүңүз, саясатта чогуу жүргөн досторуңуз, партиялаштарыңыз саясий интриганын курмандыгы болуп, запкы тарттыңыздар. Азыр өзүнө жакпаган саясатчыларды куугунтукка алган бийликтин өкүлдөрү кылмыш иш козголуп, камакка алынууда. Бүгүн деле бийликте турган партия өз адамдарына карата козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп атап жатат. Силерге карата козголгон кылмыш иш менен азыр камакка алынып жаткан адамдарга козголгон кылмыш иштин окшоштуктары барбы? Саясий куугунтук деп атоого болобу?
— Бизге карата козголгон кылмыш ишти чынында эле саясий куугунтук деп айтса болот. Себеп, “Ата Журт” партиясын, парламенттеги фракцияны ичинен талкалаш үчүн 16 депутатты куугунтуктаган. “Кумтөр” маселеси менен эле 3 депутатыбызды камашты. Өткөн айга салыштырмалуу салык 2 млн 300 миң сомго аз түшүп калды, Москвага парламенттин атайын өкүлчүлүгүн ачыпсың деп бир тыйын эч ким уурдабаганына карабай, ойдон чыгарылган иш менен мени да камады. Нариман Түлеевди болсо кымбат баада автобус сатып алгансың дегени менен аны далилдей албаса да камакка алышкан. Мунун баары саясий куугунтук болгонун далилдейт. Бүгүнкү козголуп жаткан кылмыш иштер саясий куугунтук эмес. Уурулуктун бети ачылып, уурдаганың үчүн жооп бер деп козголгон иштер. Атамбаевдин тегерегинде иштеп жүргөндөрдүн уурулугу ачылып калган соң “Бизди куугунтуктап жатат” дегени күлкүлүү көрүнүш. Бизге оор беренелерди коюп, эптеп эле камаш керек болгон. Бүгүн буларга оор беренелер коюлганы менен күнөөңөр жок болсо сотто далилдегиле деп мүмкүнчүлүк түзүп берип жатат. Бизде андай мүмкүнчүлүк түзүлгөн эмес. Бизди колдоп нааразычылык акциясына чыккан элди ар кандай аттарды коюп шылдыңдаганга чейин барышкан. Эл камабай эле сурагыңды жүргүзө бер, эч жакка качпайт, күнөөсү далилденсе камай бергиле деп чыкпады беле. Бүгүн сотторго ишенбей калдым, куугунтуктап жатат деп айтып жатышканына жол болсун. Ошол эле Аида Салянова башкы прокурор болуп турганда Атамбаевдин түздөн-түз көрсөтмөсү менен сотторго басым кылып, адамдарды соттоткон. Эми ошол адам ушул сөздү айтканы күлкү жаратчу көрүнүш. Чоң долбоорлорго келген насыя акчалар максаттуу пайдаланбаганы ачыкка чыкпадыбы. Бишкек ЖЭБ, Ысык-Көлгө курулган ат майданы, Тарых музейиндеги уурулуктар ачыкка чыкса, эми Датка-Кемин, түндүк-түштүктү бириктирген альтернативдүү жол боюнча дагы чыгат. Азыркы президент СДПК партиясынан болгонуна карабай чындыкты тандап, менин партиялашым деп калкалабай, күнөөлүү эмес экениңерди сот алдында далилдегиле деди. Сооронбай Шарипович президент болуп шайлангандан кийин, элдин жоопкерчилигин алгандан кийин аны аткарууга аракет кылууда. Уурулугу билинип калгандар ага чыдабай, чыйпылыктап атышпайбы.
— СДПК партиясы Н.Түлеев абакта жаткан кезде президент А.Атамбаевден кечирим сураган деген билдирүү жасап, бир катты жарыялаган. Сиз да абакта жатканда “Атамбаевден кечирим сурап кой, эркиндикке чыгасың” деп барышкан “элчилер” болгонбу?
— Мага саясатта салмактуу орду бар саясатчы “Атамбаевдин атына кат жазып кайрылса чыгарат экен” деп келген. Мен кечирим сурап, тизе бүгүп кат жазбайм! Жигитче мыйзам жолу менен күрөшөм деп айткам. Саясатчыны камакка тыгып алып, аны жалдыратып, кат жаздырып, катты архив кылып сактап, учуру келгенде алып чыгам деген идея Атамбаевдин өзүнүкү болгон болсо керек. Н. Түлеев булар чыгарган катты “Мен жазган эмесмин” деп айтып чыгып, кол жазмасын экспертизадан өткөзүүгө берди. Ошондон кийин эле кат интернетте дароо жок болду. Эгер кат чындап эле Н. Түлеевдики болсо булар ашкерелеп жатып калмак. Мындай иште Фаридден ашкан “мастер” жок. Менин колумда саясатчыларды жамандап жазып, аны УКМКдан бир кызматкер гезиттерге алып барып “Ушуну чыгарасың” деген далил бар. Бул Фарид Ниязов, Абдил Сегизбаев, Алмаз Атамбаевдердин жасаган иштери.
— 2010-жылдан кийин сиз парламенттин төрагасы, А. Атамбаев премьер-министр болду. Өкмөттү кураган парламенттеги көпчүлүк коалиция тараганга, Атамбаевди отставкага кетирүүгө даяр болуп калганда, сиз коалицияны таратпай сактап калбадыңыз беле. Ошол кезде Атамбаев өзү сизге келип “коалицияны таратпай сактап кал, бул жакшылыгыңды өмүр бою унутпайм!” деп суранды беле?
— Парламенттеги коалиция таркайт деген сөздөр айтылып, сүйлөшүүлөр жүрүп калган кез болчу. Досум, партиялашым Камчыбек Ташиев менин сөзүмдү кыйып кете албай, коалиция сакталып калган. Коалицияны түзүп жатканда 2 жылга деп жигитче сүйлөшүп кол койгонбуз. Мен ошол жигиттик принципте турдум. Ал Атамбаев үчүн принцип эмес, жөн эле кол коюп койгонун билбептирмин. Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Нариман Түлеев менен сүйлөшүп, маселени чечип, коалицияны таркатпай сактап калганда, Атамбаев мени кучактап алып “Ахматбек, мен ушул жакшылыгыңды өмүрүмдө эч качан унутпайм. Кудай алдында айтып жатам” деп айткан. Бирок, Кудай алдында айткан сөзүн алты ай өтпөй эле унутту.
— Коалиция таркай турган болуп жатканда сизден суранып келген беле?
— Коалиция таркай турган коркунуч бар экенин мен, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов үчөөбүз резиденцияда олтуруп алып талкуулаганбыз. Ал учурда Атамбаев айласы кетип, “Коалиция таркаса таркасын, мен ушундай жол менен саясаттан кетет экем да” деген абалга түшүп калган болчу. Мен ошол жерде эле жигитче келишимди сакташ керек деп айткам. Эртеси эртең менен парламентке чогуу келгенбиз. Парламентте ар бири менен жолуктуруп, коалицияны таркатпай сактап калгам. Коалицияга кирген фракциялардын депутаттары төраганын жанындагы чоң залда үч саат күтүп олтурушкан. Маселе чечилгенден кийин күтүп олтурган депутаттарга кирип айтып коёлу дегенде, Атамбаев мени кучактап алып “Бул жакшылыгыңды эч качан унутпайм. Сенин эмгегиң болду. Өзүң эле кирип депутаттарга айтып койчу” деп мен жалгыз барып айтканмын. Депутаттарга кирип коалиция таркабай турганын өзүм айткам.
— Ушундай сөздөрдөн кийин экөөңүздөрдүн мамилеңиздер эмнеден улам бузулду?
— Ал киши ушакчылардын сөзүнө кирип кетти. “Келдибеков сиз жөнүндө жаман сөз айтты”, “Келдибековдун таасири күчөп кетип атат, келечекте президентке атаандаш болот”, “Сизди тигил жерде сөгүптүр” деген сөздөрдү айткандар тегерегинде көбөйдү. Мен төрагалыктан кетерде Атамбаев экөөбүз жолукканбыз. Ал киши президент болуп шайланып келген. Иш бөлмөсүндө сүйлөшүп олтуруп, “Экөөбүздүн ортобузда бири-бирибизди кечирбей турган катуу күндөр болдубу?” деген суроону берсем, “Жок, экөөбүздүн ортобузда кечирбей турган күндөр болгон эмес. Болгону эле Кыргызстанда бир эле президент болуш керек” деп айткан. Ушул сөздөн кийин “Андай болсо жакшы. Калганын Кудай көрсөтөт” деп айтып чыгып кеткем. Ошол учурдагы Конституция боюнча президент парламентке мыйзам киргизүүгө укугу жок болчу. Мыйзамды Өкмөт, депутат, эл гана киргизүүгө укуктуу эле. Парламенттик башкаруу системасында парламент күчтүү болушу керек. Мен аны кандайдыр бир деңгээлде далилдей алдым. Ошол кезде менин кээ бир коллегаларым сатып кетпегенде, бүгүн да парламент күчтүү болуп сакталып калмак.
(уландысы бар)
Булак: NazarNews.kg