www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ахматбек Келдибековдун атынын чычканына чейин аңдыган Жыргал Сакеев жана Самат аттуу «фейктерге» жооп. Америкадан катталып бирок жашыруун жатып сүйлөгөндөр чын эле Кыргыз үчүн күйсөңөр, өрттөнүп жансаңар “эркектик” кылып бетиңерди ачып, ачык таймашка чыксаңар жакшы болот эле.

Баарынан да, жазып чыккан “базар ушак”, кайсы журналистин “почеркине” таандык экени айдан –ачык көрүнүп турат. Буга чейин ошол “почерк” Анжелика Бекболиева менен Айчүрөк Иманалиева социалдык тармактарды жарып талкуу болуп жатканда, так ошол “почерк” пайда боло калып, “1-2-3” деп даярдалган тексти өзүнүн атынан Анжелика жазып чыккан. Ушул тапта “эч ким билбей калат” деген ойдон алыс болуу керек. Анткени технология катуу өнүгүп, ким менен кандай жазышып жатасың, бүт баарын окуп алганга мүмкүнчүлүк оңой эле жаралган. 

Баса, Ахматбек Келдибековго мингизен ак боз аты Алайдын тоо кыркасында үйүр жылкынын арасында эле жүрөт экен. Анчалык жамандык издеп таппай, атынын “чычып койгон богуна чейин” аңдыгандар деле аман болсун. “Эгемен”сайты жазып чыккандай аттын чычып койгон богуна чейин саясый төлгө кылгандарга айла жок.../ Текебаевдин кекчилдиги же Келдибековдун «чычкак» атынан саясый «төлгө» салуу/

Дегеле жаныбардын “чычканына” чейин аңдыгандын кажети барбы?  Ал го жаныбар, кааласа президенттин алдында деле “кык” кыла берет.

Илгери убакта, абышка сокмо дубалдын түбүндө оор үшкүрүп: -Бок жаман, бок жаман дептир. Ары жактан карга учуп келип: - Абышка, бок да болсо чокуйсуң, жок жаман, жок жаман, - деп учуп кеткен экен.

Анын сыңарындай, аттын чычканын биринчи көргөнсүп талкуу кылгандар алты саныңар аман, сатпаган, сатылбаган достугуңар бекем болсун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости