www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ахмедов менен Айдаралиевди айдашабы?

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети, юстийия министри Уран Ахмедов менен Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчиси Медетбек Айдаралиевди кызматтан алууну премьер-министрге сунуш кылды.

Комитет мүчөлөрү “Миграция жаатындагы компетентүү органдарды түзүү боюнча кыргыз-орус өкмөт аралык келишимин ратификациялоо” мыйзам долбооруна президенттин каршы пикири талкууланган. Депутаттар бул маселеге юстиция министри менен Миграция кызматынын төрагасы жооптуу деп билдиришти. Президент мыйзам долбоорун ишке ашыруунун (өткөн жылдын 20-июлунда эле кол коюлган) мөөнөтүнө байланыштуу каршылык билдиргени да айтылды.

Бул мыйзамга ылайык, Орусиянын дагы тогуз аймагында Кыргызстандын Бишкек жана Ош шаарларында Орусиянын дипломатиялык эки өкүлчүлүгү ачылат. Албетте, мындай маанилүү мыйзамга көңүл бурбагандар башка итти кыйрата алабы?

Демек, депутаттардын айтканында дем бар дегендей… Мындан тышкары юстиция министри Уран Ахмедовду Сот Органдарынын ишине байланыштуу парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент комитети да сынга алды. Аны да тиешелүү деңгээлде иштей албагандыгы үчүн кызматтан кетүүнү талап кылышты.

Булак: "Багыт"

Последние новости