www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда жергиликтүү бийликке протест катары райондук акимчиликке кой айдап барган жаран он күнгө камалды.

«Азаттыктын» өзбек кызматы кабарлагандай, ал 17-июнда «Mubosher Laziz Azizbek fayz» фермасынын койлорун Наманган облусунун Янгикурган райондук акимиятынын имаратына айдап барган.

Район жетекчилиги кой чарбачылыгы үчүн жер бөлүп бербегендиктен чабан ушул жол менен нааразылык билдирген.

Фермер район борборундагы жашылдандыруу иштерине залака тийгизди деп он күнгө камалды жана айыппул салынды. Облустук ички иштер башкармалыгы ал Админстративдик кодекстин бир канча беренеси менен айыптуу деп табылганын кабарлады.

Мурдараак Самарканд облусунун Нурабад районунун акимчилигинин алдына бир жарым миңдей кой айдап келишкен эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости