www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбек ЖМКлары билдиргендей, 14-июнь күнү «Му5» телеканалынын Борбордук студиясынын программасынын кызматкерлери окуя болгон жерге Иштихан дехкан базарындагы азык-түлүк сатуучу жайларда чыккан өрттүн чоо-жайын чагылдыруу үчүн келишкен. Бирок журналисттер облустук акимчиликтин басма сөз катчысы Илхом Бабаевдин каршылыгына туш болушту.

Интернетте тараган видеодо окуяны тартып жаткан учурда пресс кызматкер камерадан эс тутум картасын кантип жулуп алгандыгы көрсөтүлгөн.

«Өрт болгон жерди тасмага түшүрүүгө акимчиликтин басма сөз кызматы каршылык көрсөттү. Маалымат кызматкери көйгөй чечилди деп билдирди. Биз көйгөйдү эмес, окуяны чагылдырып бергибиз келет деп жооп бердик.

Бирок ал каршылык көрсөтүүнү уланта берди. Анан ал күтүлбөгөн жерден тартып жаткан камерадагы эс тутум картасын алып алды. Кесиптештерим ал картаны оозуна салып, чайнап жибергенин айтышат.

Басма сөз кызматкери эмне кылганын так билбейм: ал картаны чайнап же жутуп алдыбы. Бирок ал жерде өтө маанилүү материалдар бар болгон», – деп билдирген «Mу5» каналынын кабарчысы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости