www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Октябрь окуясынан кийин Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровго оомат келип, бири президент, бири УКМКнын жетекчиси болду. Эки достун бийликке келгенине күзүндө бир жыл болот. Бир жылга жетпей элдин жашоосу кандай болду? Кымбатчылык каптады. Бардык нерсенин баасы асмандады... А бирок, эки достун айтымында, өнүгүүнүн жолундабыз. Алардын аракети күч болгону менен жыйынтык жок. Эч нерседен майнап чыга элек. Саясый элита токойго кирип кеткендей жымжырт. Кээде эле карышкырлар ай чыкканда улуп, тоңкулдактар дарактагы курттарды чокуп койгону эле болбосо, баягы, баягы баягынын таягы.

Шайлоодон шайлоо, партиялык принцип коомду бузуп жарды. Адам укугун сөз жүзүндө көтөрүмүш болгонубуз менен иш жүзүндө эч нерсе жок, улуттун укугун 30 жылдан бери тебелеп салдык. Жолдон адашканыбыз ачуу чындык. Улутум кыргыз, урааным Манас деп кыйкырганыбыз менен ар кайсы агымга кирип кеттик: бири баптист, бири корей, бири арабдашып кеттик. Ала-Тообузду, суктанган жаратылышыбызды, улутубуздун уңгусун, Азиядагы эң байыркы калк экенибизди унутуп, биздей маңкурт уулдары үчүн душмандар менен күрөшүп, кашык канын төккөн ата-бабаларыбыздын аракеттин текке чыгарганы калдык. Кыргызмын деп ооз учунда айтканыбыз менен батыштан ооп келген жашоо эрежелер, ашыкча диндешүү жасалма таңууланган аракеттер көбөйдү. “Кудайды көрбөсөң да көкүрөгүң менен тааны” - дейт. Динге каршы чыккан эч ким жок, бирок аша чаптык. Динди, Кудайды таанып билүүдө азыркы интернети менен техникасы өнүккөн заманда ортомчунун деле кереги жок болчу. Билим берүү тармагы каза таап, медицина тармагын кепиндеп жерге бердик. Тарыхыбызды унутуп “Түндүк-Түштүк” бул жакта турсун партиядан баштап, ууру-ууру, айыл айылга бөлүнүп, алакандай кыргыз, улуу кыргыз эл экенибизди унуттук. 

Казакстан, Өзбекстан ал тургай Тажикстан 30 жыл алдыга кетти. 30 жыл Ак үйдө олтурган маңкурттар элди талап-тоноп, байыды. Мамлекет үчүн ким эмне кылып берди? Ал тургай Ак үй менен Өкмөт үйүндө эскирген эмеректерди көрүп, мындай мамлекетти башкарган наадандарга каргыш тийсин дегенден башка эч ким эч нерсе дей албай калдык. Жеп жутту, тойбоду... 30 жыл эгемен доорунда мамлекеттин жана элдин тагдырын ант урган, шылуун менен шумпайлар, шүмшүк дерьмократ саясатчылар чечип олтуруп эң кедей мамлекетке айланып, кыргыз чилдей тарады.

Ошентип жок болуп кете турган мамлекеттердин тизмесине кирдик. Акаев кетти, Бакиев: --Кыргызстанга келе бериңиз? – десе, Акаев:

--Мени салтанаттуу түрдө кызыл килем менен тосуп аласыңар, деп олтуруп Москванын койнунда кала берди...Ал эми, Бакиевдин бийлигинин урашына түздөн-түз Россиянын салымы бар экенин көпчүлүк билет, бирок айта албайт, коркот. Андан кийин Отунбаева баштаган УӨттүн тобу мамлекетти талкалап, кадр маселесине кол булгап, ити менен мышыгын деле бийликке алып келди. Атамбаев бийликти тынч өткөрүп бергени менен ар кайсыны сүйлөп, Жээнбековдун сабырына сайып ойноду. Тилекке каршы, Жээнбеков дагы мамлекетти 3 жыл башкарганы менен бечел баладай иш жүргүздү.
Ошентип, бийликке достор келди. Достордун шар кадамы президенттик тактыга жеткирди. Албетте 30 жылдагы ураган мамлекетти Садыр Жапаров сыйкырчынын таягы менен заматта оңдоп коё албайт. Бирок эки тизгин бир чылбырды колго алып, айланасындагы “көк мээ” кадрларды арыдан-бери кылып, мыктыларды кызматка албаса чыдамы кеткен кыргыздар кайра эле кырдаалды чатагына айлантып жиберерине шек жок. Андыктан президент өзү айткандай “бакиевчи, акаевчи” дегенди токтотуп, күчтүү кадрларга басым жасабаса дүйнө жүзүн каатчылык каптап келе жатканда араң турган кыргыз аңтарылып кала электе милдеттүү түрдө кыштын камын көрбөсөк, арты жакшы эместей.

Ак үйдү 30 жыл ичинде 3 жолу алган кыргызга эмне керек? 

Ансыз деле эки достон саясый элита качып турган мезгилде кыраакы болуп “камоо же кармоо” менен чектелбестен, уктап жаткан унутта калган Жалпы мамлекеттин өнүгүү программасын иштеп чыгуу учурдун талабы, күндүн көйгөйү массалык жумушсуздук, жакырчылык өтө күчөдү. Жаныңардагы “баары жакшы” дегендерге ишенип күзүндө Ак үй менен коштошуп качкандардын катарын толуктап калбайын десеңер кризистерге каршы долбоорлорду иштеп чыгаруу өтө зарыл.

Бийлик бул жакта турсун бул дүйнөдө тирек болуп эч ким калган эмес, тирешпей тилектеш болуп, элди оор абалдан сактап алып калбасак, “Күзүндө Ташиев менен Садыр Жапаровдун тагдыры жакшы болбойт”, деген сөздөр эл арасында күчөдү. Чындык өз учурунда айтылбаса, окуя болгондон кийин “каап, ошондо Сиздерге айтып койбой ээ” деген сөздүн айтылган менен пайдасы жок.
Ошондой эле, көзүбүз – көр, көкүрөгүбүз – сокур, акылыбыз – тайкы болуп, бүгүнкү күн менен жашап, келечек муунду карыз кылбай, Мекендин ыйык экендигин азыр түшүнүп, бир муштум болбосок душман сырттан карап, Улуу Ала Тообузга суктанып көз арткандар турат...

Ал эми Кыргызстанга Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин достугу эмес, мамлекет менен элибиздин тагдыры маанилүү. Мамлекет менен элдин тагдыры ушул эки достун колунда болгону менен калдайган калк дагы ынтымакка келип, ниетти түз кылалы. Мекен баарыбызга керек, анткени ал бирөө гана. Ошондуктан, Ташиев менен Жапаров кыйналып турган элди бакканга милдеттүү! Эки доско эл арасындагы күбүр-шыбырды айттым... Душмандарыңар “в море”... Эртерээк аракетиңерди кылбасаңар, “гуд-бай - бай-байлардын” катарына кошулуп калбагыла деген гана пикир... “Дос күйдүрүп айтат” агатайларым!

Гүлжан карындашыңар...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости