www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Он жыл күн-түн дебей, Садырга адвокат болуп жүрүп, кадыр-баркка жетпедим, ал эми порно-молдоке Садырга бата берип кадырлуу болду. Мындай пикирди жактоочу Акин Токталиев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
«Кыргыз элине атагы чыккан порно-адам, Кыргызстандын Финполициясынан качып барып Казакстандын түрмөсүнө түшкөн экс-муфтий Рахматулло Эгембердиев президенттик шайлоодо Садыр Жапаровго бата берди, Баткен облусунда кирдебеген, таза, сөзгө калбаган молдоке табылбай калгансып, Арзыбек Бурханов ажону кыргыз элине шылдыңдатып салды.
Рахматулло Эгембердиев Садыр Жапаровго бир берген батасын баалап, аны мамлекеттик Ыйман фондуна директорлукка бекитишти.
Ал эми президенттин катчысы Галина Байтерек 2021-жылы 17-декабрда ММКга өзү жазып чыккан - Садыр Жапаров Рахматулло Эгембердиевге Баткен облусунда жолуккан да, көргөн да эмес деп, коомчулукка калп айтып чыккан, мени калпычы кылып», - деп жазган ал.
Эске салсак, Акин Токталиев бир кездери Садыр Жапаровдун укугун коргоп жүргөн адвокат болгон. Бирок Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин жактоочусун өзүнөн четтетип койгон. Андан соң Акин Токталиев Садыр Жапаровду сотко да берген.
Булак: NazarNews.kg