www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн, 29-мартта, саат 10:30да баштала турган Орусия менен Украинанын делегацияларынын Стамбулдагы сүйлөшүүсүнө келди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Түрк мамлекетинин башчысы делегациялар алдында сүйлөгөн сөзүндө Москва менен Киев ортосундагы азыркы конфликттин мындан ары да уланышы эч кимге пайда алып келбей тургынын билдирди. Ал тараптардын сүйлөшүүдөн реалдуу натыйжала чыгаарына мезгил келип жеткенин баса белгиледи.

Эрдоган, ошондой эле, Украинадагы кырдаал орус жана украин тараптын коңшусу жана досу болгон Түркияны катуу капалантып жатканын кошумчалады. Ал делегацияларды ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашууга чакырды. Түрк президенти белгилегендей, Анкара сүйлөшүү ишин жөнөкөйлөтүү үчүн бардык колдоо көрсөтүүгө даяр.

Белгилей кетсек, буга чейин Ыстамбулда Орусия менен Украина ортосундагы сүйлөшүү башталаар алдында коопсуздук чараларын күчөткөнү белгилүү болгон. Долмабахчедеги президенттик резиденцияга Орусия менен Украинанын делегация мүчөлөрүнүн келиши учурунда коопсуздук кызматтары көчөлөрдү тосушу күтүлүүдө. Москва менен Киевдин сүйлөшүүсү Орусиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан үч күн өткөндөн кийин, 27-февралда башталган.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости