www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өттү. Анда баягы эле тизмеден өзүн таппай калган көрүнүш болуптур. Ал боюнча Фейсбукка Акмат Раманкулов жазып чыкты.

«Бүгүнкү шайлоодо өзүн тизмеден таппай калгандар дагы эле болду. БШКнын айтуусунда жарандар алдын ала өзүн тизмеден текшербегендиктен өздөрү күнөөлүү экен. Макул, бирок тизмелерди баш аламан кылып таштаган ГРС эмне үчүн жоопко тартылбайт? Эмне үчүн жарандар өзүнүн мыйзамдагы укугунан пайдалануу үчүн тизмесин такташ үчүн чуркаш керек?

Өмүр бою бир даректен жылбай жашагандар деле тизмеде ата-жотосу тааныбаган жерге барып тизмеге кирип калып жатпайбы!  Айласыздан бул атайын жасалып жатабы деген ой кетет экен. Мындай болсо күздө Президенттик шайлоодо кантебиз?»

Булак: NazarNews.kg

Последние новости