www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков 1-декабрда кечинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылды.

Атайын кызматтан "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, ал 28-ноябрда өткөн шайлоого байланыштуу сурак берүүдө. Расмий кабарга ылайык, социалдык тармактарда Келдибеков сүйлөгөн видео тараган, анда саясатчы шайлоодогу добуш берүүнү баштапкы жыйынтыктары бурмаланганы жөнүндө тастыкталбаган негизде сүйлөгөн. УКМК муну коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу деп баалап, Келдибековду түшүндүрмө берүүгө чакырды.

Акматбек Келдибеков 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынан катышкан. Баштапкы жыйынтыкка ылайык, аталган партия шайлоодо уткан жок.

Добуштар бурмаланды деген нааразылыктар жаралып, Акматбек Келдибеков бийлик үч күндүн ичинде кайра шайлоо өткөрүш керектигин билдирген.

Жекшембиде кыргыз парламентине шайлоо өткөн. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек.

Добуш берүү аягына чыккан учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасы үзгүлтүккө учурап, жыйынтыкка байланыштуу маалыматтар алмашып кеткен. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү муну "көз боёмочулук" деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

Булак: Азаттык

Последние новости