www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Акнет» компаниясы «Элкатка» өттү. Президент Кыргыз Республикасында санариптик жана телекоммуникациялык инфраструктураны өнүктүрүү жөнүндө жарлыкка кол койду.
Натыйжалуу башкарууну уюштурууга, туруктуу технологиялык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү жана мамлекеттик катышуу үлүшү бар айрым чарбакер субъекттердин ишинин натыйжалу улу гун жогорулатуу, электр байланышын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өткөн эл аралык транзит боюнча маалыматтарды берүү, байланыш каналдары боюнча трафик жаатындагы ишти тартипке келтирүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган коомдук мамилелерди апробациялоо максатында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 311-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынды.
Апробациялык режимдин аралыгында «ЭлКат» ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын аймагына эл аралык интернет трафигин жеткирүү жана камсыздоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу эл аралык транзиттик интернет трафигин өткөрүү боюнча жалгыз оператор болуп эсептелет. Ага эл аралык интернет трафигин жеткирүүгө жана берүүгө өзгөчө укук берилди.
Министрлер кабинетине «Акнет» ЖЧКдагы уставдык капиталга катышуунун 100 пайыздык үлүшүн «ЭлКат» ЖЧКга өткөрүп берүү тапшырылды.