www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК тарабынан Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагына битум материалдарын мыйзамсыз ташып келүү фактысынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 2-бөлүгү (Алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан контрабанда же жасалма документтерди колдонуу) боюнча кылмыш иши козголду.
Алсак, "Курулушсертификация" республикалык борборунун түштүк филиалынын адистери жүргүзгөн экспертизанын жыйынтыгы боюнча, стандартка (22245-90-ГОСТтун) талаптарына жооп бербеген "Т" ЖЧК жана "А"ААК компаниялары тарабынан сапатсыз продукцияны ташып келүү фактысы тастыкталган.
Продукциялар тиешелүү декларациясы жана каттоосу жок алынып келинген, бул сапатсыз жана потенциалдуу кооптуу продукцияны ташып келүү аракеттерин көрсөтүп турат.
Жол курууда жасалма битумду колдонуу бюджетке зыян келтирип, жолдун үстүн жана коопсуздук нормаларын бузууга алып келет.
Мындан улам, тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча "Т" ЖЧКсынын жана "А" ААКсынын кызматтык имараттарында тинтүү жүргүзүлүп, аталган компанияларга тиешелүү битум чуңкурлары мөөрлөнүп бекитилди.
Аталган факты боюнча тергөө иштери улантылып жатат.