www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү моделине ылайык жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгуу маселеси талкууланды.

9-июлда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана «Окуу китеби» мамлекеттик мекемеси тарабынан уюштурулган тегерек столдо кыргыз тили, география жана тарых сабактары боюнча жаңы окуу материалдарынын мазмундук негиздери каралды.

Иш-чарага Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев катышып, билим берүүнүн мазмунун жаңылоодо мамлекеттик тилди өнүктүрүү, улуттук баалуулуктарды бекемдөө, тарыхый эс тутумду сактоо жана жаштардын мекенчилдик аң-сезимин калыптандыруу маанилүү багыттардан экенин белгиледи.

Талкуунун жүрүшүндө жаңы окуу китептеринин илимий сапатын жогорулатуу, сабактардын мазмунун өркүндөтүү, окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жана компетенттүүлүккө негизделген окутууну өнүктүрүү боюнча сунуштар айтылды.

Жыйынтыгында жаңы муундагы окуу китептери өлкөнүн билим берүү саясатынын артыкчылыктарына, улуттук кызыкчылыктарга жана заманбап талаптарга жооп бериши керектиги белгиленди.

Последние новости