www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аламүдүн районунда мыйзамсыз жүгүртүүдөгү ок атуучу куралдарды аныктоо жана курал сактоо эрежелеринин сакталышын текшерүү максатында «Арсенал» аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 267 жаран текшерилип, мергенчилик жана өзүн-өзү коргоо үчүн курал алып жүрүүгө уруксаты бар адамдардын куралдары көзөмөлдөндү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 4 даана курал-жарак алынган.
Алардын ичинен 2 сайлуу жана 2 сайсыз курал өткөрүлүп берилсе, дагы бир мыйзамсыз сакталган курал жаран тарабынан өз ыктыяры менен тапшырылган.
Ошондой эле курал сактоо жана алып жүрүү эрежелерин бузуу, уруксат мөөнөтүн узартпоо фактылары боюнча 3 административдик протокол түзүлүп, жалпы 9 миң сом айып пул салынган.
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери Аламүдүн районунда «Арсенал» багытында 4 иш-чара өткөрүлүп, анын жыйынтыгында 4 мыйзамсыз курал алынган жана жарандар тарабынан 11 даана курал өз ыктыяры менен тапшырылган.
Жалпысынан Аламүдүн РИИБ тарабынан 82 даана курал-жарак алынганы, административдик мыйзам бузуулар боюнча 38 протокол түзүлүп, 114 миң сом айып пул салынганы маалымдалды.