www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара деңиздеги элдешүү тууралуу макулдашуунун талкууланышы украин маселесин жөнгө салуунун "эң жеңил этабы" болгонун, кийинки кадамдар кыйла оор болорун АКШ президентинин атайын өкүлү Кит Келлог Fox News телеканалына маек куруп жатып айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Сүйлөшүүлөр Кара деңизден башталганы да ушундан, бул эң оңою болду. Мындан кийинки кадамдар чындап оор болот, кеп аймактык маселелер, шаарларга сокку урулушу жана эки тараптын ракеталык чабуулдары тууралуу жүрөт", — деген Келлог.

Өкүлдүн айтымында, эки тарап тең каалаганына аягына чейин жетпейт. Ал иш жүзүндөгү жана юридикалык жагдайлардан улам эң кыйыны аймактык маселелер болорун белгилеген.

Саясатчы АКШ Россия менен Украинанын талаптары иреттелип, чечим кабыл алынышы үчүн президент Дональд Трампка берилерин кошумчалады. Мында ок атууну токтотуу башкы максат бойдон калмакчы.

Кара деңиздеги элдешүү тууралуу макулдашуу боюнча Россия менен АКШнын делегациялары 24-мартта Эр-Риядда сүйлөшкөн.

Последние новости