www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө ак куулардын өлүмү катталууда, деп маалымдады Жаратылыш ресурстары, министрлигинин басма сөз кызматы.

Окуя болгон жерге экологдор жана ветеринардык кызмат өкүлдөрү барып, өлгөн канаттуулардын ткандарынан лабораториялык изилдөөлөр үчүн үлгү алышкандыгы кабарланды. Мындан тышкары, экологдор көлдүн жана анын айлана-чөйрөсүнүн абалын комплекстүү текшерип, браконьерлик фактыларын аныктоо максатында укук коргоо органдары менен иш алып барышууда.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кээ бир өлгөн ак кууларды сойгондо, алардын денесинен балык уулоочу илмектер жана торлордун сыныктары табылган.

«Бул алардын браконьерлердин курмандыгы болушу мүмкүн экенин көрсөтүп турат. Бирок, адистер ак куулардын өлүмүнүн башка мүмкүн болгон себептерин да изилдеп жатышат», - деп айтылат маалыматта.

Орнитолог Сейитказы Сагынбаев ак куулар кыштоо үчүн Ысык-Көлгө октябрь айынын аягында ноябрь айынын башында учуп келишерин жана март-апрель айларына чейин калышарын айтты.

«Бул канаттуулардын көбү Сибирь менен Казакстандан келет. Ак куулар жапайы куштар болгондуктан, суу өсүмдүктөрүнүн тамырлары жана балырлары менен азыктанат. Алар азыктарын негизинен тайыз жерлерден табышат, ал эми терең жерлерден тамак табуу кыйын. Эгерде адамдар аларга өтө жакын келсе, коркуп, тереңирээк сууга кетип, ал жактан да азык таба албай калышат. Узун жол жүрүп келгенден кийин алсырап, ачкадан өлүп калуусу мүмкүн.

Биз аларга атайын тамак берип, шарт түзүп бере албайбыз. Аларга азык таштап берүү да туура эмес. Эң маанилүүсү аларды коркутпоо керек, анткени адамдардан чочуп, тамак таба албай калышы мүмкүн», - деген ал.

Последние новости