www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Улуттук аэронавтика жана космосту изилдөө башкармалыгы NASA акыркы 54 жыл ичинде биринчи жолу Айга багытталган пилоттолгон миссияны ишке ашырды.
Space Launch System ракета-ташуучу Orion космостук кемеси Флорида аймагындагы космодромдон ийгиликтүү учурулду. Учуруу «Артемида-2» миссиясынын алкагында өтүп, АКШнын жаңы ай программасынын экинчи этабы болуп эсептелет.
Экипаждын курамына төрт астронавт кирип, алар Айды айланып учуп, кайра Жерге кайтып келишет. Бул миссияда Айдын бетине конуу каралган эмес. Учуу болжол менен 10 күнгө созулуп, анын жүрүшүндө кеме Айдын бетинен 8 миң чакырымга жакын аралыкта учуп өтөт.
Бул миссия 2019-жылы башталган «Артемида» программасынын уландысы болуп саналат. Программанын негизги максаты – адамды кайрадан Айга жеткирүү, келечекте туруктуу ай базасын түзүү жана Марска пилоттолгон учууларга даярдык көрүү.
NASAнын маалыматына ылайык, ракета бардык системалар текшерилгенден кийин ийгиликтүү учурулган. Эгерде аба ырайы же техникалык шарттар туура келбесе, старт кийинкиге жылдырылышы мүмкүн болчу, бирок бул жолу бардык параметрлер пландалган убакытта миссияны баштоого мүмкүндүк берди.
«Артемида» программасы АКШнын космостук саясатын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам катары бааланып, жаңы космостук жарыштагы өлкөнүн позициясын бекемдөөгө багытталган.