www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги АКШнын Кыргыз Республикасынын жарандарына иммиграциялык визаларды берүүдө убактылуу токтотуу тууралуу төмөнкүлөрдү билдирет.

АКШнын расмий маалыматына ылайык, АКШдагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Молдогазиев АКШнын Мамлекеттик департаментинин Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысынын орун басары Дж.Поммершайм менен жолугушту жолугушуусунда белгиленгендей, АКШ тарабы 75 мамлекеттин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарына АКШнын иммиграциялык визаларды берүүдө убактылуу токтотуу чарасын киргизген.

Бул чара иммиграциялык виза категорияларына гана тиешелүү жана АКШнын иммиграциялык эмес визаларына, анын ичинде туристтик, ишкердик, студенттик жана башка кыска мөөнөттүү визаларга таасир этпейт.

Белгиленген чектөөлөр 2026-жылдын 21-январынан күчүнө кирет жана АКШ тарабынан иммиграциялык визаларды берүү тартибин кайра карап чыгуу аяктаганга чейин күчүндө болот. Иммиграциялык визаларга арыз кабыл алуу жана маектер өткөрүү сакталат, бирок мындай арыздар боюнча акыркы чечимдер токтотуу мезгили бүткөндөн кийин гана кабыл алынат.

Мурда берилген визалар жана учурдагы иммиграциялык документтер өз күчүндө калат.

Кыргыз Республикасынын жарандарына сапарларды пландаштырууда көрсөтүлгөн маалыматты эске алуу жана актуалдуу маалымат алуу үчүн АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий булактарынан актуалдуу маалымат алуу зарыл.

Последние новости