www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын АКШдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Айбек Молдогазиев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысынын орун басары Джон Поммершайм менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америкалык кызматташтыгынын учурдагы маселелерин, анын ичинде саясий диалогду чыңдоо, биргелешкен иш-чараларды уюштуруу, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл 2026-жылдын 4–5-февралында Бишкек шаарында пландалып жаткан «B5+1» бизнес-форумуна бурулду.
Жолугушуунун алкагында тараптар АКШ тарабынан B-1/B-2 категориясындагы визаларды тариздөөдө киргизилген кошумча талаптарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн иммиграциялык визаларды берүүнүн убактылуу токтотулушуна байланышкан маселелерди талкуулашты.

Элчи А. Молдогазиев бул талаптар эки өлкөнүн жарандарынын өз ара каттамдарына терс таасирин тийгизип, анын ичинде бизнес жана туризм чөйрөсүндөгү байланыштардын кыскарышына алып келерин, бул өз кезегинде өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын мындан аркы өнүгүшүнө тоскоолдук жаратарын белгилеп, аталган маселе боюнча өз ара алгылыктуу чечимдерди талкуулоону сунуштады.
АКШнын Мамлекеттик катчысынын Жардамчысынын орун басары Дж.Поммершайм бул чаралар АКШнын мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүгө багытталган учурдагы саясатынын алкагында кабыл алынганын билдирип, ошол эле учурда америкалык тарап мындан аркы талкууларга жана өз ара аракеттенүүгө даяр экенин белгиледи.