www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025 - жылдын 15-январында Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысын жана борбор калаада орнотулган бардык майрамдык жасалгаларды демонтаждоо иштери башталды.
Бул иштерди «Тазалык» жана «Бишкекжарык» муниципалдык ишканалары жүргүзүүдө.
Балатынын каркасы жана бутактары этияттык менен ажыратылып «Тазалык» муниципалдык ишканасына сакталат. Ал эми кооздоочу элементтер, жарык берүүчү жабдыктар жана декоративдик конструкциялар таңгакталып, «Бишкекжарык» ишканасынын кампасына жеткирилет.
Белгилей кетсек, башкы жаңы жылдык балаты декабрь айында орнотулуп, жаңы жыл жана кышкы эс алуу күндөрү борбор калаанын негизги майрамдык символу болуп келген.
Демонтаждоо иштери бир нече күнгө созулат.
Ошол эле учурда, Ала-Тоо аянтында жайгашкан муз аянты 2026-жылдын февраль айынын ортосуна чейин иштеп, шаар тургундары жана коноктору үчүн ачык бойдон калат.