www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.Марипов Сауд Арабиянын Энергетика министринин орун басары Мохаммед Абдульрахман Ибрахим менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМнин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетика тармагында кызматташуунун перспективаларын талкуулашты, анын ичинде Кыргыз Республикасында күн жана шамал станцияларын, ошондой эле чакан жана ири гидроэлектростанцияларды куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселеси каралды.

Элчи У. Марипов Кыргыз Республикасы Сауд Арабиясынын Энергетика министрлиги менен кызматташтыкты жандантууга кызыкдар экенин билдирип, анын ичинде мунай өндүрүштүк продуктуларды сатып алуу каралды. Ал ошондой эле энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду сунуштап, “жашыл” долбоорлорду көмүртек кредиттери менен алмашуу системасы боюнча кызматташтыкты талкуулоону сунуш кылды.
Өз кезегинде Мухаммед Ибрахим энергетика секторундагы кызматташтыкты, ошондой эле соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо зарылдыгын колдоп, өз ара кызыкчылыктуу бардык маселелер боюнча көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында, У. Марипов Мухаммед Ибрахимге Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Т. Ибраевдин Сауд Арабиясынын Энергетика министри Ханзаада Абдельазиз бин Салман Аль-Саудга багытталган, Кыргызстанга ыңгайлуу убакта сапар менен келүү боюнча катынын көчүрмөсүн тапшырды.