www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандагы акыркы окуяларга байланыштуу Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мамлекеттик катчылыгы Алматыдагы Башкы консулдугунун кызматкерлерине өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө уруксат берди.

АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан жасалган жазуу жүзүндөгү саякат жаңыртуусунда, Алматы Башкы консулдугунун чукул кырдаал кызматкерлери болбогон бардык АКШ өкмөтүнүн кызматкерлери жана үй-бүлө мүчөлөрүн Казакстандан чыгып кетүүгө макулдук бергени жарыяланды.

Казакстандагы окуялар боюнча АКШдан, «Митингдер, нааразычылык акциялары жана иш таштоолор болушу мүмкүн. Бул окуялар тез жана эскертүүсүз өнүгүп, мындай окуялар зордук-зомбулукка айланып кетиши мүмкүн», деп эскертилген.

Билдирүүнүн уландысында, «Казакстандагы АКШ жарандары зордук-зомбулук акцияларынын АКШ элчилигинин консулдук кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө, анын ичинде Казакстандан чыгып жаткан АКШ жарандарына жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн экенин билиши керек», деп жазылган.

Последние новости