www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда террордук актылардын кайталануу кооптуулугу сакталып турат, жарандар кыраакы болушу керек. Бул тууралуу алардын мамлекеттик катчысы Ерлан Карин билдирген.

"Мен тынчып, бир аз бошоңдоп калдык деп айтпас элем, себеби тобокелдик сакталып турат, бардык кызматтар даяр. Борбор калаанын көчөлөрүндө чыңалуу байкалып тургандыктан жарандар кыраакылыгын жоготпошу керек", — деген Карин.

Эскерте кетсек, Казакстанда 2-январда газдын кымбатташына каршы башталган митинг массалык башаламандыкка айланып, натыйжада өлкө аймагы боюнча өзгөчө абал жарыяланган. 6-январда президент Касым-Жомарт Токаев элге эки ирет кайрылуу жасап, мындай кадамга баргандарды "сырттан даярданып келип өлкөгө кол салган террордук топ" деп атап, ЖККУга жардам сурап кайрылган.

Учурда Казакстандын армиясы антитеррордук операцияларды жүргүзүүдө. Анын алкагында алты миңге чукул адам кармалганы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости