www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда коронавирустун омикрон штаммы катталбаганын маалымдады.

Бул тууралуу ал 10-январда "Биринчи радиого" кабарлады. Министр омикрон штаммы өлкөдө катталса ага ооруканалар, лабораториялар толугу менен даяр турганын билдирди.

"Өлкө боюнча жаңы технологиялар менен жабдылган эки вирусологиялык лаборатория иштеп жатат. Ал жакта вирустун жаңы штаммы текшерилет. Дагы сегиз ушундай лаборатория ачуу пландалууда", - деди министр.

10-январга карата коронавирус өлкөдө 198 кишиге жукту, бир адам каза болду. Вирустан каза болгондордун жалпы саны 2819 адамга жетти. Азыр ооруканада 459 ​адам жатат, дагы 952​ бейтап үйдөн дарыланууда. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости