www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү жайларынын иштөө тартиби өзгөргөндүгүн маалымдайт.

Бүгүн, 10-январда саат 11:30га карата кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү жайлары төмөндөгүдөй тартипте иш алып барууда:

1. «Ак-Тилек-авто жол» (Кыргызстан) – «Карасу-авто жол» (Казакстан) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

- Кыргызстандын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

- Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар“ Кыргызстанга кире алышат;

- Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары Казакстанга чыга алышат;

- оор жүк ташуучу транспорт каражаттары COVID-19'га байланышкан чектөөлөрдү эске алуу менен тоскоолдуксуз кирип-чыга алышат.

2. «Чалдыбар-авто жол» (Кыргызстан) – «Сыпатай баатыр-авто жол» (Казакстан) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

- Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

- Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар Кыргызстанга кире алышат;

- Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары Казакстанга чыга алышат;

- оор жүк ташуучу транспорт каражаттары COVID-19'га байланышкан чектөөлөрдү эске алуу менен тоскоолдуксуз кирип-чыга алышат.

3. «Ак-Жол-авто жол» (Кыргызстан) – «Кордай-авто жол» (Казакстан) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

- Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

- Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар Кыргызстанга кире алышат;

- Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары Казакстанга чыга алышат.

4. Талас облусундагы «Чоң-Капка-авто жол» (Кыргызстан) – «Айша-Биби-авто жол» (Казакстан) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

- Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

- Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар Кыргызстанга кире алышат;

- Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары Казакстанга чыга алышат;

- Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик каттаган оор жүк ташуучу транспорт каражаттары COVID-19'га байланышкан чектөөлөрдү эске алуу менен кирип-чыга алышат.

5. «Каркыра-авто жол» (Кыргызстан) – «Кеген-авто жол» (Казакстан) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

- Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

- Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары гана Казакстанга чыга алышат.

«Саат 11:30га карата кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок», - деп айтылат Крнын Чек ара кызматынын маалыматында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости