www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркин журналист Мелис Арып-бек өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу КР президенти Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевке кайрылуу жасады.

"Урматуу Журт Башчылары! Экөөңөр бүгүнкү күндө Кыргызстандын жетекчилери катары каалагандай ар тармакта иштерди жүргүзүп жатасыңар. Айрым кадамдарыңар алгылыктуу колдоого татыктуу. Айрым ойлонбой жасаган кадамдарыңар абдан өкүнүчтүү, өксүткөн жагдайларды жаратууда. Бул жагынан мен, эркин журналист агаңар катары, Силердин жакшы жана жаман жактарыңарды да бирдей айтып жазып келемин. Себеби, Өз күйдүрүп, душман сүйдүрүп айтат – деген улук устаттардын сөзүн эске алып.

Ооба, жалпы кыргыз эли өздөрүн мусулман элбиз – деп келишет. Мен деле ошолордун арасындамын. А бир ак, момун мусулман менен ырайымсыз саткын бузулгандардын айырмасы асман менен жердей.
Отуз жылдын аралыгында, идеология, демек руханият, адабияат, маданият тармагы унутулуп тепсендиде калган учурда, алардын ордун бизге атайын таңуулаган ислам диний агымдары каалагандай агылып келип, элибизди болуп көрбөгөндөй бөлүп жарып салышты. Айагында, бул исламдашкан агымдар ачыктан ачык: "Биз Кыргызстанды толугу менен ислам өлкөсүнө айландырып, ислам халифатын курабыз” – деген иш пландары 90 % ишке ашып калган учуру.

Ушул 87 агымга бөлүнгөн исламдашкан агымдар биздин өлкөбүздө болуп көрбөгөндөй өздөрүн ээн-эркин сезишип, каалаганын кылып келишет. Буга далил катары 100% исламдашкан “Ыйман Нуру” диний партиясы, шайлоодо добуштарды сатып алгандары ачык-айкын болгонуна карабай, азыркы жаңы Парламентте өздөрүнүн иштерин бийликтин башында олтурушуп улантууда. Туурабы?
Дал ушул исламдын салафит, вахабит радикалдуу агымдардын башында ырааматы Чубак шейх ажы жана мурунку муфтий коррупционер жемкоор Максат Токтомушев ажы турушары анык эмеспи.

Урматтуу Садыр Нургожоевич! Сиз дал ушул исламчыларды ачыктан ачык колдоп коргоп келесиз. Чынбы? Мисалы арабдарга тизе бүгүп, алардын чакырган жерлерине барып, лентасын кесип жарыйа кылып келесиз. Андыктан, Токмок шаарынан аларга жай берип Ислам академиясын ачтырдыңыз.

Кыргызстандын жалпы мектептерине диний ыйман сабактарын киргизүүгө, ислам динин окутууга тапшырма бердиңиз. Ошондойбу? Эки дос Жалал Абадка барып Чубак шейхтин аты берилген, Ташиев каржылап курдурган мечитке барып сыйынып таазим эттиңер. Дал ушундай бир багыттуу диний агымдарды колдогондуктан, бүгүнкү күндө исламдашкан арабкулдардын армиясы болуп көрбөгөндөй калыптанып, терээң тамыр жайгандыгы анык. Же болбосо, жалганбы?

Дал ушунун кесепетинен, Казакстандагы кандуу окуйаларды жараткандар, террорчу аталгандар кимдер болду? Сапсайган сакалчандар. Алар кайдан жайдан пайда болушту? Акыры келип алардын тамыры Кыргызстанга келип чыгууда. Себеби, Алматыда жазалоо мамлекеттик күчтөрү кыргыз аттуларды кармашып, аларды айабагандай сабашып, жазалап, жасабаган кылмышты мойундарына лдырып жатышат. Арасында гастролго барган музыканттарды да кыйнашып, бети-баштарын жанчышып. Же болбосо, андай эмеспи урматтуу Калк башчылар?

Бүгүнкү күндө жайнаган менчик мектеп, медреселер менен бала бакчаларда өңчөй исламды туу туткандардын балдар кыздары тарбийаланып окуп жатышат. Алардын аттары жана заттары да 100% пайыз арабдашкан. Кыргыздын жыты жок. Тескерисинче кыргыздын каада-салт, үрп-адат, жүрүм-турумдары алар үчүн ширк. Манас Атабыз да алар үчүн чуулуу Чубак айтып мээлерине куйуп кеткендей “бандит, хулиган, чоң жинди”. 

Кечеки Казакстанда орун алган баш кесүүлөр арабкул террорчуулар үчүн репетиция кана болду. Ал эми, ошол сценарий толугу менен Кыргызстанда кайталанбайт – деп, Силер эки дос эч кепилдик бере албайсыңар. Себеби, радикалдашкан сепаратист исламчылардын артында абдан таасирдүү эларалык сайасый уйумдар жана күчтөр бар. Алардын чачкан арам жемдерин жегендер, бүгүн дапдайар турушат. Бул өтө кооптуу көрүнүш. 

Агерде силер тезаранын ичинде, чечкиндүү аракет чараларды көрүп, көзөмөл кылбасаңар, кырдаал абдан оор. Чектен чыгып кетсе, ички менен сырткы душмандар эчакта эле баардык дайардыкты көрүп койушкан. Себеби, алар чырмалышып уйушуп калышкан. Алардын анабашчылары баардык бийликтин бутактарында галстук тагынып олтурушат. Атүгүл, КР ИИМ министрилигинде да толтура. Алар жыйынды да куран окуу менен баштап калышкан.

Өзүңөр түзүшүп кабыл алган акыркы Конституцияда Кыргызстан “укуктук, унитардык, демократиялык, светтик мамлекет” – деп жазылган. Туурабы? А иш жүзүндө ислам халифатында жашап жатабыз. Силерден өтүнүч, чектен чыккан сакалчан, дамбалчан, селдечен, хиджапчандарга чара көрбөсөңөр, элдин кана эмес, биринчиден, өзүңөрдүн шоруңар. Ойлонгула, чечкиндүү чара көргүлө. Эртең кеч болуп калат. Казакстан менен Кыргызстандын тамыры да, таарых, тагдыры да бир. Аларда болгон алаамат сөзсүз бизге да жылып келери анык", - деди журналист публицист Мелис Арып-Бек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости