www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жамбыл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы өз жанын кыйды. Бул тууралуу Orda.kz журналисттери билдирди.

Белгиленгендей, тополоңдон кийин генерал Жанат Сулеймановго кылмыш иши козголуп, трибунал менен коркутуулар болгон.

Ички иштер министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө облустук милициянын башчысынын өлүмү боюнча фактыны тастыктады.

Эске салсак, Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын 2-январында башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка аймактарга да жайылган. Өлкөнүн шаарларында абал акырындап турукташып, антитеррордук операция уланууда. Интернетке кирүү калыбына келтирилди.

Президент Касым-Жомарт Токаев республикага өзгөчө кырдаал киргизип, өкмөттү отставкага кетирип, Коопсуздук кеңешин жетектеди. Анын өтүнүчү менен ЖККУ өлкөлөрү Казакстанга бейпилдик күчтөрүн жөнөткөн. Ал жакка Кыргызстандан “Скорпион” атайын күчтөрү жөнөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости