www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балдар чоңдорго салыштырмалуу тез дем алгандыктан, коронавирустун "омикрон" штаммы алар үчүн кооптуу. Бул тууралуу индиялык окумуштуулардын айтымына таянып РИА Новости жазды.

Нью-Делидеги Балажи Экшн медициналык институтунда иштеген дарыгер Анимеш Арьянын айтымында, балдар тез дем алгандыктан, алар абадагы биологиялык агенттерге сезгич келет.

"Балдардын дем алуу органдарынын жолдору чоңдордукуна караганда кичинекей. Коронавирустун жаңы түрү негизинен дем алуу органынын жогору жагын (мурун, тамак) жабыркатат. "Омикрон" штаммы чоңдорго караганда балдарда көбүрөөк көйгөй жаратышы ыктымал. Бирок өлүмгө кептебейт", — деген Арья.

Медик "омикрон" штаммынын белгилери бардык адамдарда окшош эле болорун белгилеген.

"Коронавирустун жаңы түрүн жуктургандардын тамагы ооруп, чыйрыгып, чарчайт. Мындан улам ата-энелер балдарын эки жакка көп чыгарбай, үйдө кармашы шарт. Алардын тамактануусуна да жакшылап көңүл бөлүшү керек", — деди адис.

Индия коронавирус жуктургандар боюнча дүйнөдө экинчи орунда. Пандемия башталгандан бери бул мамлекетте 35,5 миллион адамдан оору аныкталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости