www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Алцгеймер оорусуна каршы алгачкы дарыны каттады

АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармектердин сапатын көзөмөлдөгөн агенттик 20 жылдан бери алгачкы жолу Алцгеймер оорусуна каршы препаратты жактырды. Biogen компаниясы иштеп чыккан дары Aduhelm деген коммерциялык аталыш менен сатылмакчы.

Маалыматтарга караганда, препарат оорунун белгилерине эмес, анын себептерине таасир этет. Алцгеймер карылардын деменциясынын (алжып калуу) эң жайылган түрү. Ага кабылган адамдын эс тутуму, ой жүгүртүүсү жана башкалар менен мамиле куруу жөндөмү жабыркайт.

Дүйнөдө 30 миллиондон көп киши, көбү 65 жаштан ашкандар бул дартка кабылган. Сөз болгон препаратты Алцгеймердин баштапкы стадияларында, так диагноз аныкталгандан кийин гана пайдаланса болот.

Айрым дарыгерлер дары даба боло албаса да, анын катталышы илдетти изилдөөгө түрткү берерин айтышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости