www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдөгү эң бийик чоку болгон Эверестти түштүк Непал тараптан багындырган өзбекстандык альпинист Сергей Денисенкого аталган өлкөнүн президенти Шавкат Мирзийоев унаа белек кылды. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазышты.

https://www.super.kg/upload/janylyk/2021/6/364347_1.jpg

Маалыматка ылайык, альпинистке өзбек лидеринин атынан Trailblazer маркасындагы жол тандабас тапшырылып, "Өзбекстандын сыймыгы" ардак наамы ыйгарылган.

Денисенконун жардамы менен Өзбекстандын желеги планетанын эң бийик жери - Эвересттен 8 миң 848 метр бийиктикке көтөрүлгөн.

Эске салсак, май айында Кыргыз альпинисти Эдуард Кубатов "Эверест 1" экспедициясынын курамында Эвересттин жогорку чекитине чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости