www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бейөкмөт уюмдардын кыйкырып чыккандары туура эмес”, - деди NazarNews маалымат агенттигине ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев.

--“Бейөкмөт уюмдары кыйкырып чыккандары туура эмес. Булар биздин мамлекетин кызыкчылыгы менен иштери жок. Ошондуктан эрчибей өзүбүзгө ыңгайлуу иштер менен алектенгенибизи туура. 2019-жылы кодекске милицияга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргенде бизди чакырышкан. Бирок, барсак киргизбей коюшкан. Себеби, алар бул кодекске биз макул эмес экенибизди билишкен. 

Мисалы, совет убагында милициянын күчү бар болчу. Милиция көбүн чечип, анча-мынча чоң кылмыштарды алдын алып, чоң эмгек кылып келишкен. Азыр милициянын алы карып калган, алсыз бүркүттөй болуп калды. Ушуга кодекстер алып барды. Баарын мыйзамдын негизинде кылып колу-бутун байлап, тушап коюшту. Карыган бүркүт эмне кыла алат?

Тактап айтканда милиция кызматкерлери билип, көрүп турса дагы мыйзамды сыйлап эч нерсе кыла алышпайт. 2019-жылы кодекске өзгөртүү киргизгенде ыкчам иликтөө кызматкерлери менен кеңешип, талдап чыгышса болмок. Андан бери канчалаган оор кылмыштар болуп кетти. Бир нерсе болсо эле коомчулук милицияны тепкилеп, эч нерсе кылбайт дешет. Милициянын кыла турган нерсенин баарын алып салышканын эл билбейт”, - дейт Жоошбаев.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости