www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети Министрлер кабинети сунуштаган «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.
Ага ылайык, Бузуулар кодексиндеги эки берененин айып пулу азаят. Айдоочулардын белгиленген ылдамдыгынан 20 чакырым сааттан жогору айдаса жана жол белгилеринин талаптарын аткарбаса гана айыптар жеңилдейт.
Учурда бул эки беренени бузган айдоочуга 1000 сомго чейин айып пул салынат. Эгер айдоочу айып пулду 15 күндүн ичинде төлөсө акчанын өлчөмү 50% арзандайт.
Жаңы өзгөрүүгө ылайык айып пулдун суммасы өзгөрбөйт, бирок 15 күндүн ичинде төлөсө 70% арзандатуу каралган.
Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирген 2019-жылдын тартып жол эрежесин бузган айдоочуларга 2,5 миллионго жакын 355 токтом толтурулган. Анын ичинен 1 миллион 566 миң 870 токтом боюнча айып пул төлөндү.
Булак: NazarNews.kg