www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пакистандын Гхотки шаарында поезд кырсыгынын кесепетинен көз жумгандардын саны 60 адамга жетти. Жүздөн ашык адам жаракат алганын жалпыга маалымдоо каражаттары бүгүн, 8-июнда өлкөнүн Темир жол транспорту министрлигине шилтеме берүү менен жарыялады.
Куткаруу иштери Пакистандын армиясынын катышуусу менен улантылып жатат.
Кечээ бул кырсыктан 36 жүргүнчү көз жумганы маалымдалган. Темир жолдогу кызматкердин маалыматы боюнча, 7-июнда Саргодха шаарын көздөй бара жаткан «Sir Syed Express» «Millat Express» менен сүзүшкөн. Чоң кырсыктан кийин бул аймакта темир жолдогу кыймыл убактылуу токтотулду.
Пакистандын темир жол бийлигинин өкүлү кырсыкка машинисттин шалаакылыгы себеп болушу мүмкүн деген божомолду билдирген.
Булак: NazarNews.kg