www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда январь айында жарыяланган аналитикалык отчетто Батыш өлкөлөрүнүн Борбор Азияда, айрыкча Казахстанда кантип аракеттениши керектиги көрсөтүлгөн. Докладдын авторлору Камран Бохари, Ариэль Коэн жана Уэсли Хилл Украинадагы согуш аяктаса, «Орто коридордун» мааниси төмөндөп, Казахстандын транзиттик амбициялары солгундашы мүмкүн экенин белгилешет.

Аналитиктер Казахстанды Батыш үчүн Евразиядагы негизги өнөктөш катары атап, анын ресурстары, транзиттик мүмкүнчүлүктөрү жана көп векторлуу тышкы саясаты Батышка ыңгайлуу экенин жазышат. Ошондой эле америкалык компаниялар — ExxonMobil жана Chevron — Казахстандагы эң ири мунай өндүрүүчүлөрдүн катарына кирип, Теңиз, Кашаган жана Карачаганак кендерин иштетип жатышканы айтылат.

Отчетто Орто коридор АКШ үчүн стратегиялык долбоор катары бааланып, бирок коррупция, төмөн өткөрүү мүмкүнчүлүгү, экологиялык жана мыйзамдык чектөөлөр сынга алынат. Аналитиктер коридордун келечеги дүйнөлүк геосаясий кырдаалга көз каранды экенин, айрыкча Украинадагы согуштун аякташы жана Россия аркылуу кургактык жолдор ачылса, атаандаштык күчөй турганын эскертишет.

Мындан тышкары, эксперттер АКШ өкмөтүн Советтер Союзунун мезгилинен калган Джексон – Вэник түзөтүүсүн жоюуга чакырып, бул мыйзам Казахстан жана Өзбекстан менен соода мамилелерине тоскоол болуп жатканын белгилешет. Докладдын соңунда АКШга Борбор Азиядагы инфраструктуралык долбоорлорго, анын ичинде Актау жана Курык портторуна жана темир жол курулушуна америкалык компанияларды активдүү тартуу сунушталат.

Последние новости