www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Ош жана Баткен облустарына жумуш сапары менен барды.

Иш сапарынын алкагында министр Министрликтин райондук башкармалыктарынын ишмердүүлүгү, Министрлик тарабынан көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана жеткиликтүүлүгү, ошондой эле жер-жерлердеги кызматкерлердин иши менен таанышты.

Атап айтканда, ал Кара-Суу, Ноокат, Кадамжай жана Лейлек райондорунда болуп, аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери жана адистери менен жолугушууларды өткөрдү.

Сапардын жыйынтыгында министр кызматкерлердин алдына Эмгек министрлигинин багыты боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган бир катар тапшырмаларды коюп, негизги талаптардын катарына төмөнкүлөрдү белгиледи:

• мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө балалуу үй-бүлөлөрдү жана майыптуулугу бар жарандарды камтыган аярлуу катмарлар менен жекече иштөөнүн деңгээлин жогорулатуу;

• жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка мамлекеттик түзүмдөр менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү активдештирүү;

• жарандардын кайрылууларын кароо мөөнөттөрүн так сактоо жана тейлөө маданиятын жогорулатуу;

• балдардын укуктарын коргоо жана калкты социалдык колдоо маселелери боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү, муну менен катар министр Министрликтин ишмердүүлүгүнүн негизги артыкчылыгы — бардык жарандар үчүн жеткиликтүү, сапаттуу жана өз убагында көрсөтүлгөн кызматтарды камсыз кылуу экенин жана Эмгек министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери мамлекеттик жарандык кызматчылар экенин баса белгиледи.

Последние новости