www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кийинки шайлоодо Садыр Жапаров кайрадан президент болорун жар салды.
- Кудай буюрса, элибиз президентти кайра шайлайт. Болгону 75, 85 же 90% болобу деген гана суроо турат. Кандай болгон күндө да кайра шайланат. Өзүңөр билесиңер, аябай көп иш жасалды, - деп айтты.
Байсалов Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында өлкө туруктуу өнүгүп жатканын жана жарандардын көпчүлүгү аны колдой турганын белгиледи.
Бул арада социалдык тармактарда президенттик шайлоо быйыл, 2026-жылы өтүшү ыктымал экени жөнүндө талкуулар кызуу жүрүп жатат.