www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын 21-июнунда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен Люксембург айылынын тургуну, 1981-жылы туулган Ш. В. аттуу жаран, И. А. аттуу жаранга жана анын аныкталбаган шериктерине карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Арызга ылайык, 2025-жылдын январь айынын аягында аталган адамдар атайылап, пайда көрүү максатында, алдоо жана ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу аркылуу арыз ээсине таандык болгон батирди мыйзамсыз ээлеп алышкан. Кийинчерээк алар батирдин менчик укугун алдоо жолу менен өз аттарына кайра каттатып, материалдык пайда табуу максатында үчүнчү жактарга сатып жиберишкен.
Көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында жабырлануучуга 80 000 АКШ доллары өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген, бул улуттук валютага которгондо 6 991 200 сомду түзөт.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери аталган кылмышка шектүүлөрдү аныкташкан - 1995-жылкы И.А., жана 1994-жылкы М.Э. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, алар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Териштирүү иштери улантылууда.