www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америка Кошмо Штаттарынын Куралдуу күчтөрү Тажикстанда "Аймактык кызматташтык – 2022" машыгууларын өткөрө баштады. Бул тууралуу EurAsia Daily кабарлады.
Аталган басылма Тажикстандын ЖМКларына шилтеме берүү менен билдиргендей, машыгуулар кечээ, 10-августта башталып, он күнгө созулат. Аларды АКШнын Борбордук командачылыгы уюштурду.
Машыгуунун катышуучуларын АКШнын Тажикстандагы элчиси Жон Марк Поммершайм тосуп алды.
"Аймактык кызматташтык" - бул туруктуулукту камсыз кылуу, терроризмге каршы күрөшүү, Борбордук жана Түштүк Азия мамлекеттеринин, АКШ жана башка катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты жана биргелешкен мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү боюнча көп улуттуу операцияларды чыңдоого багытталган жыл сайын өтүүчү машыгуу. Ага АКШ, Тажикстан, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Пакистан жана Өзбекстандын аскерлери катышат.
Кошумчалай кетсек, Тажикстан менен АКШ Фахрабад полигонунда талаа машыгууларынын беш күндүк эки тараптуу компонентин өткөрүшөт.
Америка элчилигинде белгиленгендей, машыгуулар координациялоо, синхрондоштуруу жана коркунуч жок болгон окуяларга жооп берүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Коронавирустук пандемияга чейин "Аймактык кызматташтык" машыгуусу 2004-жылдан бери жыл сайын катышуучу өлкөлөрдүн биринде, анын ичинде АКШда өткөрүлүп келген.
Булак: NazarNews.kg