www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Борбордук банкы эмгек мигранттарынын чет жакка канча акча которгону тууралуу маалыматты купуя кармай турганын жарыялады.Бул тууралуу Борбордук банктын сайтында жазылган. Себеби айтылган эмес.

Буга чейин Орусиянын башкы каржы жөндөгүчү ар үч ай сайын чет элге чыгарылган акча тууралуу маалымат берип келген. Соңку ирет мындай маалымат мартта берилип, 2021-жылдын статистикасына негизделген.

Борбордук банктын расмий статистикасы тажикстандык ЖМКлар үчүн мигранттардын өз мекенине канча акча которорун аныктаган жалгыз булак болгон. Себеби расмий Душанбе акыркы он жылдан бери мигранттар которгон акча тууралуу маалымат бербейт.

Тажик экономисти Бахром Шарифов Батыш өлкөлөрү салган санкцияларга байланыштуу Орусия айрым маалыматтарды жашырууга тырышып жатат деп эсептейт. Анын билдиришинче, учурда мигранттардын акча которуулары гана эмес, үчүнчү өлкөлөрдөн импортолгон товарлар жөнүндө статистика да купуя сакталууда.

Тажикстан экономикасы үчүн эмгек мигранттары которгон каражат өтө маанилүү. Айрым маалыматтарга караганда, ар бир төртүнчү үй-бүлөнүн жашоо деңгээли мигранттар которгон акчадан көз каранды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости