www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Запорожье атомдук электр станциясындагы абалга байланыштуу "дүйнө бычактын мизинде турат" десек болот. Мындай пикирин Sputnik радиосуна Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин атайын өкүлү Мария Захарова билдирди.

"Менин оюмча, БУУнун өзөктүк энергетика көйгөйү, анын ичинде техногендик кырсыктардын кесепети менен алектенген катчылыгы дүйнө азыр "бычактын мизинде турганын" түшүнүшү керек. Эң өкүнүчтүүсү, мындай коркунуч окумуштуулардын өнүгүү же энергиянын альтернативдүү булактарын издөө үчүн жасалган эксперименттеринен эмес, Киевдин мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам жаралып отурат. Эгер АЭСте жарылуу болсо анын кесепети географиялык жактан чектелбейт", — деди Захарова.

Ал эми сенатор Алексей Пушков бул көйгөйдү АКШнын президенти Джо Байден украиналык кесиптеши Владимир Зеленскийге бир жолу телефон чалуу менен токтото аларын айтты.

"Байден чындап эле украин ракетасынын Запорожье АЭСинин өзөктүк реакторуна тийүү коркунучун токтото алат. Бирок ал Зеленскийге андай чакырык жасагандын ордуна от менен ойноп жатат. Ал эми европалык лидерлер катастрофа болгон учурда ЕБдин жок дегенде бир бөлүгүнө чоң коркунуч алып келе турган жагдайга кайдыгерлик менен карап жатышат", — деди сенатор.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости