www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ - Украинадагы жаңжалдан улам Батыштын санкцияларынын таасири астында орус экономикасы эки эсеге кыскарат деп болжолдоодо. Бул тууралуу АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысынын орун басары Дулеп Сингх маалымдады.

"Мен азыр көрүп жаткан эң жакшы божомол - Орусиянын экономикасы согуш башталганга чейинки экономиканын жарымына чейин төмөндөйт. Биз орус элинин азап чегип жатканына кубанбайбыз. Бирок, бул Путиндин согушу", - деди Сингх жекшемби күнү CBS телеканалына берген маегинде. Анын айтымында, "бул Путиндин санкциялары жана кыйынчылыктары".

Белгилей кетсек, Украинага каршы согушту Орусия 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын - "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан зордук-зомбулукка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости