www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыштан тери кургап, түлөп, сезимтал, назик болуп чыгат. Бул мезгилде кышта колдонгон азыктандыруучу (питательный) бетмайды курамында С витамини бар нымдаштыруучу (увлажняющий) бет майга алмаштырып, күндөн коргоочу бетмайдын SPF-50 дегенин колдонуу керек.
С витамини беттин өӊүн жакшыртып, тунартып, теринин иммунитетин көтөрөт. Бул витамини бар бетмайды койгондон кийин анын үстүнөн күн нурунан коргоочу кремди койбой туруп көчөгө чыгууга болбойт. Нымдаштыруучу маскаларды, жеӊил пилингдерди жасап туруу керек. Кечинде лимон менен аарчып турса да жакшы жыйынтык берет.
Кышында теринин эпидермис бөлүгүнө чейин жете турган пилингдерди жасасак, жазында үстүңкү катмардагы өлгөн клеткаларды гана тазалап туруучу жеӊил пилингдерди жасайбыз. Пилингден кийин жумасына эки ирет маска кылып турса эӊ сонун таасир берет. Беттеги тактар жазында өӊүнө чыгат Жазында беттерге так түшүп кетет.
Себеби, теринин меланин деген структурасы бар. Ал кээ бир адамда жакшы иштесе, кээ биринде иштебейт. Меланин начар иштеген адамдардын териси анча күйбөйт. Жакшы иштегендердики күн нурун бат кабыл алат. Бет терилер Америка, Азия деген сыяктуу 6 топко бөлүнөт. Америка тибиндеги терилер сары, ак жуумал болгондуктан, аларда меланин начар иштейт.
Кызарып, бат эле таркап кетет. Ал эми Азия тибиндегилер кара тору, буудай ыраӊ жана башкалар болгондуктан, алар күндү бат кабыл алышат да, кечирээк агарат.
Булак: Азия News гезити